20:19 09.02.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Талас районундагы “Акжол” саясый элдик партиясынын конференциясы...

Талас районунда “Акжол” саясый элдик партиясынын конференциясы болуп өттү

5-февралдв Талас районунда “Акжол” саясый элдик партиясынын конференциясы болуп өттү. Партиянын райондук координатору Абдынасир Давлетов “Акжол” саясый элдик партиясынын Талас районунда 2008-жылы жасалган иштерге, жетишкен ийгиликтер менен катар кемчиликтерге токтолуп өттү. 

Жарыш сөзгө чыккан райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Назаралиева, Жергетал айыл өкмотүнүн башчысы К.Дүйшөналиев жана Ү.Өмүралиев айыл өкмөтү боюнча партиянын баштапкы уюмунун башчысы А.Исманов “Акжол” саясый партиясы тарабынан билим берүү системасына, айылдарга берилген жардамдар тууралуу айтышып, партиянын райондук координатору Абдынасир Давлетовдун билдирүүсү канааттандырарлык деп билдиришти.
Конференциянын аягында Жогорку Кеңештин депутаты Динара Молдошева сөз сүйлөп, райондук депутаттардын, мекеме уюмдардын жетекчилеринин суроолоруна жооп берди.
“Акжол” саясый элдик партиясынын райондук конференциясынын акырында областтык жана республикалык конференцияга делегация шайланды.

Пресс-группа Народной партии "Ак Жол" 

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме