22:15 11.03.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Автандил Арабаев:

 «АКШнын аскердик базасын «Манастан» чыгаруу – бул Кыргызстан элинин кызыкчылыктарынын негизинде кабыл алынган эгемендүү мамлекеттин чечими».
 
 «Ак Жол» Элдик партиясынын торага орунбасары, Жогорку Кенештин депутаты Автандил Арабаев 19-февраль күнү Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынган «Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин 2001-жылдын 4-декабрындагы № 542 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына комментарий берди. 

Депутатыбыз белгилегендей, «биринчиден, бул Макулдашууну токтотуп, АКШнын аскердик базасын «Манас» аба жайынан чыгарууга толук укуктук негиздер болгон. Алар Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин нотасынын 11-бөлүгүндө ачык жана так жазылган. Анда Макулдашуу юридикалык күчүнө кирген убакыттан баштап, бир жылдын ичинде аракетте болот жана эки тараптын бири экинчисине Макулдашууну токтотуу жөнүндө кат жүзүндө расмий кабар берген учурга чейин юридикалык күчүн жоготпойт деп белгиленген. Мунун өзү Кыргызстан Макулдашуунун катышуучусу катары аны токтотуу боюнча маселе койгонго толук укугу бар дегенди түшүндүрөт.   

Экинчиден, бул көп жылдан бери, тагыраак айтканда, Макудашуунун өзүндө белгиленген бир жыл өткөндөн кийин эле көтөрүлүп келген маселе. 2005-жылдан тартып, ушул убакытка чейин Мамлекет башчыбыз, Өкмөтүбүз бул база боюнча, Макулдашуудагы маселелер боюнча АКШнын расмий өкүлдөрү менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишти. Бирок, Кыргызстандын кызыкчылыктары, таламдары ишке ашпады. 
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими кокустан эле чыга калбаган, ар тараптан талкууланып кабыл алынган мыйзам ченемдүү чечим.
Үчүнчүдөн, Кыргызстан – эгемендүү мамлекет. Өкмөтүбүз менен Жогорку Кенеш кабыл алган чечим эл аралык уюмдар тарабынан да, башка мамлекеттер тарабынан да кандайдыр бир шек туудурушуна эч кандай укуктук негиз жок. Андыктан бул маселени чечүүдө Кыргыз Республикасы менен АКШдан башка мамлекеттерди жана айрыкча алардын кызыкчылыктарын аралаштыруу саясий жактан да, укуктук жактан да туура эмес.
Өкмөтүбүз менен Жогорку Кенештин чечими – бул элибиздин жана өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарынын негизинде кабыл алынган эгемендүү Кыргызстан мамлекетинин чечими», - деп баса белгиледи Эл өкүлү.
Ал эми мындан аркы Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы мамилеси боюнча Автандил Арабаев бул чечим эки мамлекеттин кызматташтыгына зыян тийгизбестигин айтып, өз сөзүндө Кыргызстан Кошмо Штаттары менен болгон кызматташтыгы көп багытты камтыган мүнөздө экенине токтолду. 
Мындан сыткары, депутатыбыз белгилегендей, Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун, көптөгөн эл аралык уюмдардын мүчөсү катары Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу процессине активдүү катышып келген жана да катышканга даяр.

Пресс-группа Народной партии "Ак Жол" 

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме