20:19 09.02.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

“Ак Жол” элдик партиясынын Ош шаардык конференциясы...

“Ак Жол” элдик партиясынын Ош шаардык бөлүмүнүн конференциясы болуп өттү

 6-февралда, “Ак Жол” элдик партиясынын Ош шаардык бөлүмүнүн IV конференциясы болуп өттү.
Конференцияда партиянын Ош шаардык бөлүмүнүн координатору Кубанычбек Исаков партиянын түзүлгөндөн берки аткарган иштерине токтолуп, баяндама жасады.

К.Исаков Ош шаары боюнча партиянын 8752 мүчөлөрү бар экендигин жана азыркы мезгилде капыстан кирип калган мүчөлөрдөн тазалоо үчүн ревизия жүргүзүүдөн соң мүчөлөрдүн саны 3468ди түзгөндүгүн, 551 кишинин партияга өтүү боюнча арыздары каралып жаткандыгын айтты.
Шаар мэри Мелисбек Мырзакматов “Ак Жол” партиясынын аз мезгилде аткарган бараандуу иштерине токтолуп, партиянын мүчөлөрүнө: “Биз сиздерден шаардын социалдык- экономикалык өнүгүшүнө бараандуу салым кошо турган сунуштарды күтөбүз”,-деди.
Жыйындын акырында Бишкекте өтө турган “Ак Жол” партиясынын төртүнчү сьездине делегаттар шайланды. 

Пресс-группа Народной партии "Ак Жол" 

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме