22:17 13.03.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

«Ак Жол» Элдик партиясынын Жалал-Абаддагы акциясы

«Ак Жол» Элдик партиясынын  Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн координатору Бектемиров А.И. демилгеси алдында 1-марттан 31-мартка чейинки бир айлык көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча «Ар бирибиз алтыдан» акциясы уюштурулууда. Бир айлык көрктөндүрүү боюнча областтык, райондук, шаардык мамлекеттик администрациялардын жетекчилери менен макулдашылып, мекеме уюмдар жана жеке ишкерлер менен  «Ак Жол» Элдик партиясынын  Жалал-Абад аймактык бөлүмү ортосунда келишимдер түзүлмөкчү.

Ошондой эле көрктөндүрүү акциясына байланыштуу ураан, чакырыктар даярдалган: «Ар бирибиз-алтыдан!», «Көрктөндүрүү көпчүлүктүн иши, көчөт эксин, ак ниеттүү ар бир киши!», «Бак дарак түгөнбөсүн кесилип, бирди кыйсаң, эрикпестен онду тик!».


    «Ак Жол» Элдик партиясынын  Жалал-Абад аймактык бөлүмү ушул отургузулган бак дарактардын өсүшүнө ар-дайым көзөмөл жүргүзүү милдетин алды.

Пресс-группа  Народной партии "Ак Жол"

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме