04:31 15.07.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Президент Курманбек Бакиев: Туштук-кыргыз цемент заводунун ишке киргизилиши...

Президент Курманбек Бакиев: Түштүк-кыргыз цемент заводунун ишке киргизилиши Кыргызстандын экономикасы үчүн зор мааниге ээ

«Түштүк-кыргыз цемент заводунун келечеги кең, жана анын ишке киргизилиши региондун гана эмес, жалпы республиканын экономикасы үчүн зор мааниге ээ", — деп билдирди 14-июлда Баткен облусунун Кызылкыя шаарында жайгашкан аталган заводду ишке киргизүү учурунда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев.

Мамлекет башчысы заводдун технологиялык цехтеринде болуп, алардын иш процесси менен таанышты.

Өз сөзүндө Президент ишкананын өндүрүш кубаттуулугуна басым жасап, жылына бир миллион тоннага жакын жогорку сапаттагы цемент өндүрүлүп, региондун керектөөсүн канааттандыра тургандыгын, ошондой эле ГЭСтерди курууга да пайдаланыла тургандыгын белгиледи.

Мында иш экологиялык стандарттар жана нормаларды эске алуу менен заманбап эларалык технологиялардын негизинде жүргүзүлөт.

Заводдун ишке киргизилиши бир катар социалдык маселелердин чечилишине жана экономиканын айрым тармактарынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Анын ичинде, тейлөө кызматтарында жана заводго байланышкан ишканаларда ачылган кошумча жумуш орундары менен жалпысынан 3—4 миң адам иш менен камсыз болот. Андан тышкары, мындагы көмүр кени жанданып, рентабелдүүлүгү артат, себеби, транспорт чыгымдары кыйла азаят.

Мамлекет башчысы куруучулардын сапатуу иши үчүн ыраазычылык билдирди. "Өз ишинин мыкты адистери бизде бар экендиги кубанычтуу. Мен балдарыңар, неберелериңер силердин мындай масштабдуу өндүрүштүн курулушуна катышканыңар менен сыймыктана тургандыгына ишенем", — деди К.Бакиев.

Сөзүнүн аягында Президент ишчаранын катышуучуларына денсоолук жана ийгилик каалап, андан соң Түштүк-кыргыз цемент заводунун кызматкерлерине жана курулушчуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме